Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Студенттер Кадамжайдагы сел кесепетин жоюуга көмөктөшөт


Кадамжай.
Кадамжай.

Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин 100дөн ашык студенттеринен турган ыктыярдуу топ Кадамжайга жөнөйт. Алар райондогу селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо иштерине жардам берерин “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Кечээ кырсык болгон айылдарга ИИМдин Баткен облусундагы ыкчам отрядынын өкүлдөрү барган. Калыбына келтирүү иштерине Оштон кошумча күч тартылган. Азыр сел бузган короолорду жана ички жолдорду 500дөй киши тазалоодо. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG