Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Адамкул Жунусов ЕАЭБге министр болду


Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды.

Жунусовдун талапкерлиги Кыргызстандын атынан сунушталганын кечээ президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирген. Бул кызматта ага чейин Данил Ибраев иштечү.

Жогорку Евразия экономикалык комиссиясы бул сунушту колдоду. Адамкул Жунусов быйыл апрель айына чейин мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы кызматын аркалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG