Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралар өтөт


Балалык.
Балалык.

Бүгүн Бишкекте 1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, түштө Ала-Тоо аянтында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт уюштурулат, ошондой эле Бишкек-Парк эс алуу жайында балдар аянтчасынын ачылышы болот.

Мындан тышкары Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде маданий иш-чара өтөт. Борбордук аянтта, эски аянтта, балдардын "Сейтек" борборунда жана башка көңүл ачуу жайларында, маданий, социалдык мекемелерде концерттер, спорттук мелдештер, оюн-зооктор белгиленген. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер "Таш-Рабат"  эс алуу жайындагы чакан зоопаркка акысыз киргизилет. Балдарды бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимов да куттукташат. (NT) 

 

XS
SM
MD
LG