Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

АКШлык конгрессмендер Кыргызстанга келет


АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү сапар менен Кыргызстанга келишет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Кыргызстанга бейшембиде келчү конгрессмендер Өкүлдөр палатасынын демократиялык өнөктөштүк комиссиясынын мүчөлөрү. Алар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, жолугушууларды өткөрөт.

Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - АКШ кызматташуусу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген болчу. Бирок азырынча бул келишимдин качан кабыл алынары белгисиз бойдон калууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG