Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

“Өнүгүү” фракциясы Ички иштер министрлигине Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду


Кашкар Жунушалиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, 30-май, 2016-жыл.
Кашкар Жунушалиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, 30-май, 2016-жыл.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Ички иштер министри кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. Фракция жыйынына Жунушалиевди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды.

Депутаттардын талапкерге “Коопсуз шаар” долбоорун тездетүүнү, милициянын реформасын ишке ашыруу боюнча суроолорду беришти.

Буга чейин Жунушалиевдин талапкерлигин “Ата Мекен” фракциясы колдогон.

Мурунку министр Мелис Турганбаев 30-майда кызматтан кеткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG