Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

“Азаттыктын” телеберүүлөрү эми ЭлТР каналынан обого чыгат


«Азаттык» радиосунун теледолбоорлору эми «ЭлТР» телеканалы аркылуу 2016-жылдын 1-июнунан тарта жумасына беш жолу чыга баштайт. Бүгүн кечки саат 20:00дөн 20:30га чейин түз обого Айзада Касымалиеванын "Ыңгайсыз суроолор" талкуусу чыгат. Башка иш күндөрү кечки саат 21:30дан 22:00гө чейин төмөндөгү берүүлөрдү көрө аласыздар:

Дүйшөмбү - «Каректе Евразия» - кеңири чөлкөмдө жана коңшулаш өлкөлөрдөгү кызыктуу окуялар тууралуу тележурнал;

Шейшемби -«Данисте» - биздин аймактык кабарчылардын видеобаяндарынан куралган чыгарылыш;

Бейшемби - «Биз жана дүйнө» - актуалдуу эл аралык темалар, алардын Кыргызстанга ыктымал таасири;

Жума – «Азаттык+» жаштардын теледолбоору.

«Азаттыктын» радиоберүүлөрү мурдагыдай эле Биринчи радио (Коомдук телерадиокорпорациясынын Биринчи радиосу) аркылуу обого чыга берет.

“Азаттык” мындан ары да дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы маанилүү окуяларды маалында кабарлап, кызыктуу долбоорлорду сунуштай бермекчи.

XS
SM
MD
LG