Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

ЖК: жол боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгон


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин депутаттары Балыкчы - Корумду жолун оңдоо тендерин текшерген депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча токтомду жактырды. Анда жол оңдоо боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгону айтылган. Ошондой эле Башкы прокуратурага мурдагы премьер-министр Темир Сариев, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев баштаган жетекчилерди иш-аракеттерине укуктук баа берүү тапшырылды.

Айрым депутаттар бул токтомду кабыл алууга каршы чыгып, бирок көпчүлүк депутаттар аны жактырышты.

Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрү тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Бирок өкмөт жана тендердик комиссия мындай дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан соң Темир Сариев өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG