3-6-июндагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
2-июнда айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 26...31;
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16..21, күндүз 26...31 градус жылуу болот;
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26 жылуу болот.
Бишкек шаарында 2-июнда шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус, күндүз 28...30 градус болот.