Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Министр Сариева өз отставкасы тууралуу имиштерге жооп кайтарды


Элвира Сариева.
Элвира Сариева.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева “кызматтан кетери” тууралуу имиштер боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу министр Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда акыркы күндөрү айрым маалымат каражаттары “өздүк булактарга” таянып, Сариеванын отставкага кетери тууралуу жазып жатканын, эгер өлкө жетекчилиги жана Социал-демократтар министрди алмаштырууну чечсе, расмий түрдө кабарлай турганын билдирди.

Ошондой эле министр мындай ушактардын таратылышына билим берүү жана илим тармагында коррупциялык схемалардын жоюлушун каалабаган күчтөр кызыкдар экенин белгилейт.

“Алар бул тармактагы реформаны токтотуп, кандай болсо ошондой калтырууну каалашат,”- деп жазат Сариева социалдык тармактагы баракчасында.

Сариева президент тарабынан билим берүү жана илим тармагындагы реформаларды улантарын жана бул үчүн айрымдарга жакпаган чечимдер кабыл алынышы мүмкүндүгүн эскертет.

“Мен осол сунуштарды аткарбайм: депутаттын апасына жакпаган үчүн мектептин директорун иштен албайм, борбордо кимдир бирөөгө имараты керек болгон үчүн окуу жайды жаап кое албайм”,- дейт Сариева.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары ишенимдүү булактарга таянып, Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиев жана Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун кызматтан кетерин жазып чыккан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG