Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Түркия Германиядагы элчисин чакыртып алды


Германия парламентинин армян резолюциясы боюнча жыйыны. 2-июнь, 2016-жыл.
Германия парламентинин армян резолюциясы боюнча жыйыны. 2-июнь, 2016-жыл.

Премьер-министр Бинали Ыйылдырымдын билдиргенине караганда, Германиядагы элчи Анкарага консультация үчүн чакыртылды.

Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган Кенияда иш сапарда жүргөн жеринен буларды белгиледи:

-Биринчи кадамыбыз элчини консультация үчүн чакыртып алуу болду. Албетте, Германия парламенти кабыл алган резолюция Түркия менен Германия алакасына олутуу таасир тийгизет.

Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш немис парламентинин чечимин “тарыхый ката” деп мүнөздөдү.

Бүгүнкү добуш берүү учурунда Бундестаг өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылышын геноцид катары тааныган символикалык резолюцияны басымдуу көпчүлүк добуш менен колдоду.

Талдоочулар резолюциянын дал азыркы учурда кабыл алынышы Түркия менен Евробиримдик ортосунда качкындар боюнча келишимдин аткарылуусун дагы татаалдаштырышы мүмкүндүгүнө көңүл бурушууда.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндардын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга караманча каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG