Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

EXPO Made in Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсү башталат


Көргөзмө бүгүн Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында ачылат. Эл аралык деңгээлде биринчи жолу уюштурулуп жаткан эки күндүк иш-чараны өткөрүү демилгеси Кыргызстандагы Америка соода палатасы жана Экономика министрлигине таандык. Анын максаты - ата мекендик ишканалардын өндүрүштүк потенциалын чет элдиктерге тааныштыруу, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду тартууну көздөйт.

Ага айыл чарба, тамак-аш, жеңил өнөр жайы, курулуш жана кыймылсыз мүлк, туризм, жыгач иштетүү, банк жана каржы тармагындагы 50дөн ашык компания катышат. Швейцария, Европанын тышкы саясий иштер боюнча кызматынын башкы катчысы Ален Ле Руа башында турган делегация, Казакстан менен Жапониядан ишкерлер чакырылган.

Бүгүн иш-чара алкагында аутизм менен ооруган балдарга колдоо көрсөтүү максатында “Кол суналы” кайрымдуулук этно-концерти да өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG