Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

“Ата Мекен” фракциясы нике мыйзамын талкуулайт


Мыйзамдын демилгечиси Аида Салянова
Мыйзамдын демилгечиси Аида Салянова

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн биринчи окууда четке кагылган Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

26-майда парламент расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көпчүлүк добуш менен четке каккан. Жарандык активисттер буга нааразылык билдиришип, мыйзамды колдоого эл өкүлдөрүн чакырып келишет. Акыйкатчы Кубат Оторбаев ага кайрадан добуш берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жолдогон.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе турмушка чыгат. Бул багытта Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстан бешинчи орунда турат. (NT)

XS
SM
MD
LG