Кыргызстандын Сейсмология институту кабарлагандай, жер титирөө 3-июнда түнкү саат бирден өткөндө катталды.
Анын очогу Кызыл-Кыя шаарынан 50 чакырым түндүк-батышта Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Силкинүү очогунда 5 балл, ал эми Кызыл-Кыя шаарында 3 балл болуп сезилди. Жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.(BkA)