Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Түркия Германияга карата дагы чара көрөрүн эскертти


Германия, Берлин.
Германия, Берлин.

2-июнда армян окуясын геноцид деп тааныган резолюциясы үчүн Түркия Германия парламентине дагы чараларды көрөрүн билдирүүдө.

Буга нааразы Түркия Берлиндеги элчисин дароо кеңешүү үчүн деп чакыртып алган.

3-июнда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Германия “тарыхый” ката кетиргенин, эми аны оңдоо зарылдыгын белгилелди.

Анткен менен эки тараптын кызматташтыгы “толук бузулат” деп эч ким күтпөшү керектигин эскерткен башбакан Анкара андан ары кандай чарага барарын тактаган жок.

Тарыхчылар Биринчи дүйнөлүк согушта осмон түрктөрү 1,5 миллион армянды кыргынга учуратканын, муну 20-кылымдагы биринчи геноциди деп айтып келишет.

Ал эми Түркия баарын четке кагып, кырылды делгендердин саны көбүртүп-жабыртылып жатканын, курмандыктар жарандык согушта набыт кеткенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG