Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

БУУ: Украинадагы жаңжалдын аягы көрүнө элек


Эки жылдык чатактан улам Чыгыш Украинадагы кырдаал дале тынчыган жок. Адам укуктары мурдагыдай басмырланууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин баяндамасында айтылат.

Аз мурда БУУнун баш катчысынын жардамчысы Иван Симонович Украинага келип кеткен болчу.

“Каршылашуу тилкесинде оор курал-жарактардын көбөйүшү жана мартта башталган Донецк облусундагы аскердик аракеттер кризис али аяктабай турганын жана эл аралык коомчулуктун көз кырынан чыкпашы керектигин көрсөттү”, дейт Симонович.

Баяндамада куралчан топтордун көзөмөлүндөгү аймакта жашаган 2,7 млн адамдын оор турмушуна көңүл бөлүнгөн.

Ошондой эле 2014-жылдын апрелинде башталган куралдуу жаңжалдан 9317 адам өлгөнү, 21 532 адам жараат алганы белгиленет.

XS
SM
MD
LG