Европарламент Орусиянын Мамлекеттик думасы менен айрым байланыштарын калыбына келтирет. Мындай чечим Европарламент президенти Мартин Шульц менен сегиз саясий топтун лидерлеринин жолугушуусунда кабыл алынды.
“Азаттыктын” жеке булагынын айтымында, Европа өкмөттөрүнүн жана Еврокомиссиянын өкүлдөрү орус жетекчилери менен жолугушууда.
Европарламент 2014-жылы мартта, Орусия Крымды тартып алгандан кийин Мамдума менен мамилесин үзгөн.
Айрым алакалар оңдолгонуна карабастан, Европарламент “кара тизмедеги” орус депутаттары менен кызматташпайт. Тараптар менен расмий диалог да калыбына келтирилбейт.