Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

"Кумтөр" боюнча жаңы доо сотто карала баштады


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Бишкектин райондор аралык сотунда "Кумтөр" кени боюнча жаңы иш каралып жатат. Сотко Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр Оперейтинг компани” кенди казууда экологиялык талаптарды бузуп, айлана-чөйрөнү булгаган деп доо-арыз менен кайрылган. Келтирилген экологиялык зыян үчүн аталган агенттик 15,7 миллиард сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Иш бүгүн карала баштады.

Буга чейин экологиялык доо боюнча сотко Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кайрылып, Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр Оперейтинг компаниге” 7 миллиард сом төлөп берүүнү милдеттендирген.

"Кумтөр" алтын кен ишканасы айтылган доону четке кагып, Кыргызстандын жана эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG