Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Тажикстанда мектеп окуучулары кайрадан ууланды


Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон айылындагы мектептин дагы 20 окуучусу чымындын дарысынан ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, өткөн жумада аталган мектептин 50 окуучусу ушундай эле жагдайга туш болгон. Мындан соң 1-июндан тарта үч күндүк каникул жарыяланып, жабырланган окуучулар райондук ооруканага жеткирилген.

Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан тышкары айылдын медициналык пунктунда жабырланган окуучуларга жардам көрсөтүү боюнча штаб өз ишин баштады.

Аталган айылдын тургуну Муртазо Сараевдин айтымында, кечээтен бери ууланган 36 окуучу медициналык текшерүүдөн өтүп, айрымдары райондук ооруканага жаткырылды.

Жабырлангандардан анализ үчүн кан алынганы менен алардын уулануу себептери так аныктала элек. Дарыгерлер балдар санэпидстанциянын чымын-чиркейлерге каршы колдонгон дарысынан ууланышы ыктымал деп жатышат. Сараевдин пикиринде, айылдын климаты анча ысык эмес жана көп чымын-чиркей деле жок. Демек, окуучулар башка химикаттан ууланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG