Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Жалал-Абад: турак жайы бузулган жарандар нааразы болууда


Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги 32 үйдүн короолору бузулуп жатат. Шаар мэри Салайдин Авазов билдиргендей, бул турак жайлардын ээлерине ар бир чарчы метр үчүн миң сомдон кенемте төлөө чечими кабыл алынган.

Жашоочулар ага макул болбой, короо-жайларын буздурууга каршы чыгууда. Алардын нааразылыгына карабай, азыр техника менен сүрдүрүү иштери башталды. Жашоочулар укук коргоочулар менен биргеликте прокуратурага жана сотко кайрыла турганын билдиришти.

Жол кеңейтүү иштерине бюджеттен 11 миллион сом бөлүнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG