Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

БУУ: экологиялык кылмыштар көбөйүүдө


Дүйнөдө экологиялык кылмыштардын саны кескин өсүп жатканы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюму менен Интерполдун биргелешкен баяндамасында айтылат. Анда жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз эксплуатациялоо күчөп, токойлор кыйылып, пайдалуу кендер казылып, балык уулоо көбөйүп жатканы келтирилген.

Баяндамадагы маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө мындай кылмыштардын кесепетинен болгон чыгымдар дүйнө боюнча 91 млрд доллардан 258 млрд долларга жетти. 2014-жылы бул көрсөткүч 70-213 млрд долларга бааланган.

Азыр экологиялык зыяндар маңзат аткезчилиги, жасалма азыктарды даярдоо, адам сатуудан кийинки төртүнчү орунга чыкты. Кылмышкерлер бул тармактан көп пайда тапканы менен аларды кармоо, бетин ачуу кыйынга турууда.

Мындай кылмыштарга мыйзамдардын алсыздыгы, мыйзамсыз иштерге бөгөт кое албаган укук коргоо органдарындагы мүчүлүштүктөр, алардын аз каржыланышы түрткү болууда. Бул бизнестен кылмыш топтору да киреше таап жатканы, көбүнесе андан түшкөн каражат террорчулукту колдоого жумшалып жатканы баяндамада белгиленген.

XS
SM
MD
LG