Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Атамбаев: Кытай бийлиги этностук кыргыздарга колдоо көрсөтүүдө


Алмазбек Атамбаев менен Пархат Турду. 4-июнь, 2016-жыл.
Алмазбек Атамбаев менен Пархат Турду. 4-июнь, 2016-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турду баштаган делегацияны кабыл алды. Анда Пархат Турду аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Кытайдын борбордук өкмөтү менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен иши тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчы Кытай жетекчилиги регионду өнүктүрүү эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын белгиледи.

Пархат Турду Кыргызстанга кытай товарларынын жармаңкесине катышуу максатында келген. 1-3-июнда Бишкекте өткөн жармаңкени Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун, Кашкар округунун өкмөттөрү жана Кыргызстандын Экономика министрлиги уюштурган. Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган иш-чаранын алкагында 1-июнда кыргыз-кытай бизнес-форуму да өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG