Казакстандын Улуттук олимпиада комитети Бээжин жана Лондон олимпиадасына катышкан беш атлет допинг колдонгон деп шектелип жатканын билдирет. Эл аралык олимпиада комитетинин шектенүүсүнөн кийин Швейцарияда бул спортчуларды кошумча допинг-тесттен өткөрүү башталды. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча эч кандай маалымат берилбейт.
Казакстан 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында 132, 2012-жылы Лондонго 115 спортчуну катыштырган.