Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Ат-Башыда мааракеге кеткен чыгымды ишкерлер көтөрдү


Ат-Башы районунун 85 жылдык мааракесин өткөрүүгө төрт жарым миллион сом сарпталды. Бул тууралуу райондун акими Жакыпбек Субакожоев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул каражат атбашылык ишкерлердин демөөрчүлүгү менен чогулуп, мамлекеттик бюджеттен акча каралган эмес.

Ат-Башы районунун 85 жылдыгы бүгүн Ача-Кайыңды айылындагы ат майданда белгиленүүдө. Ал жерде 50дөн ашык боз үй тигилип, улуттук оюндар боюнча мелдештер да уюштурулду. Баш байгеге 3 автоунаа коюлуп, кыргыз күрөш, жорго салыш жана аламан байгенин жеңүүчүлөрүнө берилди. Оюндарда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балбандар жана күлүктөр күч сынашты. (MiK)

XS
SM
MD
LG