Париждеги Сена дарыясында суу көбөйгөнүнө байланыштуу Лувр жана Орсэ музейлериндеги кымбат баалуу артефакттар коопсуз жактарга көчүрүлүп, Лувр музейи убактылуу жабылганын Рейтер агенттиги кабарлады. Франция борборундагы мындай кооптуу кырдаал акыркы 30 жылдан бери алгач ирет жаралды.
Борбордук Парижде Сенанын деңгээли 6 метрге чейин көтөрүлгөнүн экология министри Сеголен Руаяль билдирди. Суу ташкыны чакан жана орто ишкерлерге да жагымсыз жагдай жаратып, убактылуу иш токтоп турат.
Париждин түштүк райондору катуу жабыркап, Кызыл чырым уюмунун ыктыярчылары менен аскерлер тизеден ашкан суудан элди куткаруу иштерин жүргүзүштү. Франциядагы суу ташкынынан камсыздандыруучу компаниялар 600 миллион евро чыгым тартканы кабарланууда. Лувр менен катар эле Париждеги бир катар музейлер да 3-июндан тартып убактылуу жабылды. (BCh)