Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Пригородное айылында табылган граната боюнча кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин четиндеги Пригородное айылында табылган граната боюнча "Курал-жарак, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо, алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, иликтөө уланууда.

Кечээ айылдагы иштебей токтоп турган колбаса цехинин айланасынан күчтүү жарык берүүчү граната табылганы кабарланган.

Цехти оңдоп жаткан курулушчулардын бири табылган куралды ачып жиберип, андан соң жарылуу болуп, беш адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Арасында төрт жашар эки, алты жаштагы бир бала бар.

Алар ишкананын короосунда жашаган кароолчунун балдары экени белгилүү болду. Жабыркагандардын айрымдары денесинен күйүк алса, дагы биринин баш-мээси чайкалган.

Гранатанын мындай түрү каршылаштарга катуу жарык берүү үчүн колдонулат. (NT)

XS
SM
MD
LG