Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Ооганстан: сот имаратына жасалган чабуул беш өмүрдү кыйды


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстандын Логар провинциясында сот имаратына талиптер чабуул коюп, беш кишинин өмүрүн кыйды, 19 киши жараат алды. 5-июнь күнкү кол салууда каза тапкандардын бири - аймактык прокуратуранын башчысы, калгандары жайкын тургундар.

Логар полициясынын жетекчи орун басары Нисар Ахмад Абдул Рахимзай билдиргендей, Пули Алим аймагындагы сот имаратына кол салгандар үч киши болгон. Күч кызматкерлери алардын баарын кармоо учурунда өлтүрүшкөн.

Пули Алимдеги окуяга “Талибан” жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG