Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Орусия Азия-Тынч океан регионунда күчтөрдүн балансынын өзгөрүүсүнө каршы экенин билдирди


Анатолий Антонов
Анатолий Антонов

Түндүк Кореянын ядролук программасын жүйө катары пайдаланып, региондогу аскердик-саясий кырдаалды, анын ичинде абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу менен өзгөртүүгө каршы экенин Москва Вашингтонго эскертти. 5-июнда Сингапурда коопсуздук боюнча конференцияда сөз сүйлөгөн Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов “бир мамлекеттин башкалардын эсебинен коопсуздугун камсыздоосу өтө опурталдуу” деди. Антонов Орусия абадан коргонуу системасына каршы эмес, бирок бул маселе боюнча АКШ диалог жүргүзбөй жатат деп сынга алды. “Азия-Тынч океан регионундагы коопсуздук системасы жабык аскердик бирикмелерге негизделген. Бул ишеним жана өз ара түшүнүшүү атмосферасын жаратпайт”, деп региондук коопсуздук системасын да сынга алды Антонов. (AiT)

XS
SM
MD
LG