Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди

Дмитрий Медведевди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Дмитрий Медведевди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитине катышуу үчүн Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Бишкекке келди. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Иш-сапардын алкагында Медведев президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушат.

Жыйынга катышуу үчүн Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдованын премьер-министрлери жана Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Түркмөнстандан вице-премьер-министрлер келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.

6-7-июнга белгиленген саммитте кызматташуу боюнча 22 документ каралып, жети келишимге кол коюлат. 

XS
SM
MD
LG