Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Казакстан кыргыз картошкасына чектөөнү алды


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Казакстан Кыргызстандан ташылган картошкага чектөөнү алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтымында, Астанада өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн саммитинда кыргыз президенти картошка көйгөйүн көтөргөн. Бул маселе боюнча казак президенти Назарбаев тиешелүү органдарга чечүүнү тапшырган. Анын негизинде чектөөлөр алынды.

Жумаканов өлкөдөгү картошка эгилген аймактарды текшерип чыгып, ар кандай илдеттерге каршы иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

4-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан картошка алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Казак тарап өз чечимин Кыргызстандан кирген картошкада илдет табылганы менен түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG