Январь айында кармалган Токтар Тулешов жерди менчиктештирүү жана узак мөөнөткө чет өлкөлүктөргө берүүгө каршы массалык акцияларды уюштуруп, бийликти басып алууну көздөгөн деп күнөөлөндү. Тулешов кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүн жана баңгизаттарын мыйзамсыз соодалаган деген шек менен кармалган.
Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы “план боюнча ар жерде нааразылык акцияларды уюштуруп, массалык башаламандыкты жаратуу менен альтернативдүү өкмөт түзүү болгон”,- деп 6-июнда билдирди. Улуттук коопсуздук кызматы Тулешовдун шериктери деп шектелгендер да кармалганын кабарлады. Алардын арасында Казакстандын башкы прокурорунун мурунку биринчи орун басары Ильяс Бахтыбаев, ички иштер министрлигинин мурунку генерал-майору Доскалиев, бир полковник жана эки аскердик бөлүктүн командирлери бар экени кабарланды.
Апрель, май айында Казакстанда жерди менчиктештирүүгө жана чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы нааразылык акциялары болгон. Жүздөгөн активисттер кармалып, алардын кээ бирлери 10-15 күнгө кесилген. (AiT)