Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Израиль өкмөт башчысы Москвага үчүнчү жолку сапары менен барат


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 6-июнда Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул анын сентябрь айынан бери Москвага жасаган үчүнчү сапары болуп калмакчы. Израилдин өкмөт башчысынын маалымат кызматы визит учурунда “регионалдык маселелер, анын ичинде террорчулукка каршы күрөш, Сириядагы кырдаал жана Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүү” жөнүндө сөз болорун кабарлады.

Нетаньяхунун сапары Орусия менен Израилдин дипломатиялык мамиле түзүүсүнүн 25 жылдыгына туура келүүдө. Израил өкмөт башчысы апрель айындагы Москвага сапарында Сирияда куралдуу күчтөрдүн аракетин координациялоону сүйлөшкөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG