Иорданиянын чалгындоо кызматынын эки офицери жана эки кызматкери Амман шаарынын түндүгүндө коопсуздук кызматына куралдуу адамдардын кол салуусунда өлгөнүн Иорданиянын маалымат каражаттары 6-июнда кабарлады. Иордания телеканалы жана мамлекеттик "Аль-Раи" гезити эртең мененки саат жетиде болгон окуяны “террордук чабуул” катар мүнөздөштү.
Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мухаммад аль-Мумани, чабуул 70 миң палестин качкыны жайгашкан Бекаа районундагы чалгындоо департаментине багытталганын билдирди.
Жаңжалдарга баткан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Иорданияда туруктуулук сакталып келет. Жергиликтүү коопсуздук күчтөрү ДАИШке ("Ислам мамлекети" террордук уюму) жан тарткандарды 2014-жылы баскан. (AiT)