Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлерин кабыл алат


Атамбаев менен Медведевдин жолугушуусу.
Атамбаев менен Медведевдин жолугушуусу.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммитине келген премьер-министрлерди кабыл алып, мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайт. Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, мамлекет башчы саммитке келген 11 делегация башчылары, өкүлдөр менен бир учурда жолугушат.

Бишкектеги саммитке Молдова, Орусия, Беларус, Казакстан, Тажикстандын премьер-министрлери жана Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Түркмөнстандан вице-премьер-министрлер катышууда. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган. Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында жыйын өтүп, кызматташуу боюнча 22 документ каралат жана 7 келишимге кол коюлат.

6-июнда Атамбаев Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевди өзүнчө кабыл алган. Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Беларус премьер-министри менен жолугушуп, мындан аркы алака-катышты талкуулайт. (SE)

XS
SM
MD
LG