Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Францияда чемпионат коопсуздугун сактоого 90 миң киши тартылат


Франция президенти Франсуа Олланд футбол боюнча Европа чемпионаты учурунда террордук чабуулдар коркунучу бар экенин билдирди.

Олланд жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө, эч нерседен коркпоого чакырып, чемпионат учурунда мамлекеттин 10 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн, ал үчүн 90 миң тартип сакчылары тартыларын билдирди.

“Евро-2016” оюндары Парижде 10-июнда башталат. Ага эки миллиондой көрөрман келери божомолдонууда.

Былтыр ноябрда Париждеги теракттан бери Европа мамлекеттеринде коопсуздукка байланыштуу чочулоолор сакталып турат. (SE)

XS
SM
MD
LG