Чет өлкөлөрдө маңзат менен кармалган кыргызстандык 518 жаран абакта. Бул тууралуу Маңзат көзөмөл мекемесинин башчысы Рафик Мамбеталиев Жогорку Кеңештин көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Орусия, Казактан, Кытай жана Тажикстанда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Алардын арасынан Кытайда кармалган Светлана Кулубаева өлүм жазасына тартылганын Мамбеталиев кошумчалады.(BkA)