Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Депрессияны аныктоочу жаңы кандын анализи чыкты


Туталануу.
Туталануу.

Британиянын окумуштуулары депрессиянын түрүн аныктоочу жаңы кандын анализин чыгарышты. Эми бейтаптын канына карап туруп эле кайсы дарыны депрессияга жазуу керектигин дарыгерлер оңой аныктай алышат.

Лондондогу падышалык коллеж маанайы чөгүп кеткен 140 кишиге бир нече жыл бою илимий тажрыйба жүргүзгөн. Анын натыйжасында депрессиянын тереңдигине карай кандын титрлери да өзгөрүп турары аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыгы эл аралык «Нейропсихофармакология» журналына жарыяланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG