Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Стамбулда жарылган бомбадан ондон ашуун киши набыт болду


Стамбулдагы бомба жарылган жер.
Стамбулдагы бомба жарылган жер.

7-июнда саат 10дор чамасында Стамбул шаарынын Беязыт районунда полициянын автобусуна кол салуу болуп, бомба жарылды. Полиция жардырууда жети кызматкери жана төрт киши набыт кетип, 36 адам жарадар болгонун билдирет.

Жардыруу Беязыттагы полиция башкармалыгы менен Везнежилер аялдамасынын ортосунда жасалган. Жергиликтүү маалымат булактарында коопсуздук кызматкерлеринин унаасы өтүп бара жаткан маалда токтоп турган автоунаа жардырылганы айтылууда.

Учурда түрк коопсуздук күчтөрү жардыруу болгон жерди көзөмөлгө алып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Беязыттагы Везнежилер аялдамасы студенттер көп жүргөн аянт болуп эсептелет. Ага чукул жерде Стамбул университетинин окуу корпустары, кыздар жатаканасы, метро станциясы жана бир нече мейманканалар жайгашкан. (AS)

XS
SM
MD
LG