Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Актөбөдөгү чабуулга шектелип өлтүрүлгөндөр 13 адамга жетти


Актөбөдөгү окуя тууралуу видеодон алынган сүрөт
Актөбөдөгү окуя тууралуу видеодон алынган сүрөт

Казакстандын Актөбө шаарындагы чабуулга катышты деп шектелгендерди колго түшүрүү боюнча атайын операциянын жүрүшүндө жалпысынан 13 адам жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Андагы маалыматка ылайык, сегиз шектүүгө издөө жарыяланды. Алардын эң кенжеси 25 жаштагы жигит болсо, эң улуусу 31 жашта болгон.

Казак Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Алмас Садубаевдин маалымдашынча, өткөн түн Актөбөдө тынч өттү. Күч органдары күчөтүлгөн режимде иш алпарышууда.

5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер чабуул жасаган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кол салууда үч аскер жана үч жай адам набыт кеткенин, 38 киши жараат алганын маалымдаган. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Кол салгандар диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү деп шектелүүдө. Бирок аны далилдеген бир дагы факты жок.

Ошондой эле казак коопсуздук комитети өлкөдө мыйзамсыз төңкөрүш аракетин алдын алганын жарыялады. Аны “Шымкентпиво” ишканасынын башчысы, белгилүү ишкер Тохтар Тулешов баш болгон бир нече күч органдарынын мурдагы кызматкерлери ишке ашырууга аракет кылганын коопсуздук органы билдирип чыкты.

XS
SM
MD
LG