Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Македония: президент “тыңшоо” боюнча берген кечиримин кайра чакыртып алды


Скопьедеги өкмөткө каршы митингдер
Скопьедеги өкмөткө каршы митингдер

Президент Георге Иванов курчуган саясий кризистин айынан 20 миңдей кишинин телефонун мыйзамсыз жана жашыруун тыңшаган ишке тиешеси бар 56 мамлекеттик кызматкерге кечирим берген чечимин кайра чакыртып алды. Башкаруучу жана оппозициялык партиянын өкүлдөрүнө тиешеси бар ишти сотко жеткирбей токтотуп салуу боюнча президенттин чечими Македонияда массалык нааразылыктарды пайда кылган. Оппозициялык Социал-демократтардын союзу башында турган депутаттар тобу президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыгышты.

Евробиримдиктин басымы алдында президент Иванов май айынын этегинде 22 аткаминерге берген ырайымын жокко чыгарган, дүйшөмбүдө болсо чечим толугу менен артка кайтарылды. Иванов мындай чечимге саясий кризистен чыгуу үчүн келгенин түшүндүрдү.

Македонияда кырдаал 2015-жылы мыйзамсыз “тыңшоонун” айынан курчуган. Оппозиция мурдагы премьер-министр Николай Груевский башында турган бир катар мамлекеттик кызматкерлерди 20 миңден ашуун адамдын, анын ичинде полиция кызматкерлерин, сотторду, журналисттерди жана дипломаттарды тыңшаган деп айыптаган.

Европалык дипломаттардын кийлигишүүсү менен кырдаал жөнгө салынып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү макулдашылган. Апрелде президенттин тыңшоого шектүү делгендерге кечирим бергени кырдаалды кайра курчуткан болчу.

Македониянын парламенти 5-июнга белгиленген парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

XS
SM
MD
LG