Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Жакыр өлкөлөрдө акыл-эси тайкы балдар көбөйүүдө


Түштүк Африка.
Түштүк Африка.

Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү 3-4 жашар балдардын үчтөн биринин акыл-эси жалпы кабылданган стандарттарга шайкеш келбейт. БУУнун Балдар фонду жана ЮСАИДдин маалыматы боюнча, мындай балдар көбүнчө тропикалык Африкада, анын ичинде Чад, Сьерра-Леон жана Борбордук Африка Республикасында жашашат.

Изилдөө авторлорунун пикиринде, атайын программалардын жардамы менен каалаган курактагы баланын акыл-эсин өнүктүрүүгө көмөктөшсө болот. Канткен менен кем акылдык адамдын саламаттыгына гана эмес, социалдык калыптануусуна жана тийиштүү билим алуу жөндөмүнө да кедергисин тийгизет.

Окумуштуулар мунун себебин жакырчылыкка жана тамак-аштын жетишсиздигине байланыштырышат. Ошол эле учурда бул көйгөйдүн тамырын кошумча изилдөөнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

 

XS
SM
MD
LG