Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Жикчилдер Савченко менен тикелей сүйлөшүүгө даяр


Надежда Савченко.

Украинада өздөрүн Донецк Элдик республикасы деп атап алган тараптын өкүлү Денис Пушилин Надежда Савченкого тийиштүү ыйгарым укуктар бериле турган болсо, жетекчилик аны менен тикелей диалог курууга даяр экендигин билдирди.

"Интерфакска" берген маегинде Пушилин Киевдин азыркы өкүлдөрү Донецк жана Луганск менен түздөн-түз сүйлөшүүдөн качып, тынч процессти ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айтты.

Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко Украина жикчилдердин лидерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү керектигин билдирген. Ошондой эле Донецк жана Лугансктын жетекчилери Александр Захарченко менен Игорь Плотницкийди “элдик депутаттар” катары кабылдап, алар менен диалог курууга даяр экендигин айткан.

Савченко Донбассты күч менен кайтарып алууга каршы экендигин баса белгилеп, Орусияга каршы санкцияларды узартууну колдогон.

25-майда украиналык учкуч Надежда Савченко Орусиядан камактан чыгып Украинага кайтып келген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG