Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Назарбаев Актөбөдө ок ачкандарды жазалоону буйруду


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти мындай көрсөтмөнү бүгүн Ак ордодо өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов менен жолугушуп жатып берди:​

- Баарын кармоо керек. Куралдуу каршылык көрсөтүшсө жок кылынсын. Баары жазаланышы керек. Бирөө да кармалбай калбасын!

Президент Назарбаевдин бул сөздөрү анын Актөбө шаарында 5-июндагы окуялар боюнча жасаган алгачкы реакциясы болду.

Казакстандын түндүк-батышындагы бул шаарда бийликтер теракт жана диний радикалдардын кол салуусу катары мүнөздөгөн окуялар жана андан кийинки атайын операция учурунда 20дай адамдын өмүрү кыйылды.

Алардын 13ү кол салгандар. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул окуяларга байланыштуу ондон ашуун кишиге издөө жарыялады. Булардын кеминде алтоо-жетөө Актөбөдөгү кол салууга тикелей тиешеси бардыгы айтылууда.

Ички иштер министрлиги бүгүн Актөбө бала-бакчалардын биринин кароолчуларына ок атылды деген маалыматты четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG