Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Карганбек Самаковдун соту 15-июнда уланат


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча сот жараяны 15-июнда уланат. Мындай чечим бүгүнкү териштирүү учурунда кабыл алынды.

Сотто өкмөт аппаратынын агрардык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, жерлерди трансформациялоо боюнча республикалык комиссиянын мүчөсү Тамчы Түлеев көрсөтмө берди. Ал ошол кезде жерлерди трансформациялоо аракети мыйзамдуу болгонун айтты. Мындан тышкары тергөөдө берген кээ бир көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, Самаковго жана башка айыпталуучуларга каршылыгы жок экендигин билдирди.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту териштирүүдө. Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берип, үй камагына чыгарылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG