Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:02

Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, өлтүрүлгөндөр - күч түзүмдөрүнүн "Талибан" жакында өлкө чыгышындагы Газни провинциясында буктурмадан колго түшүргөн өкүлдөрү.

Алардын жетөө полиция кызматкерлери, үчөө жоокерлер, экөө Улуттук чалгын мекемесинин кызматкерлери болчу.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн талиптер Газни провинциясындагы кан жолдон 3-5-июнь күндөрү туткундап кетишкен.

Ооганстанда жолдордон күч түзүмдөрүн эле эмес, карапайым тургундарды "Талибан" жоопкерчилик алган уурдоолор маал-маалы менен болуп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG