Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Экстремисттик кылмышка аралашкандарга жазаны күчөтүү сунушталууда


Жогорку Кеңеш бүгүн Террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примовдун айтымында, документ эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Анда террорчулук же экстремисттик уюмдарга үгүттөп, аларды ачык колдогондорду административдик жоопкерчиликке тартуу сунушу камтылган. Ошондой эле куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарга жашы жете электерди алып баргандар, террорчулукту жаап-жашыргандар, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө кол салгандарды катаал жоопко тартуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындан тышкары террорчулук жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс, жеңилдетилген жаза бербөө да сунушталууда.

Расмий маалымат боюнча, ушул тушта Сирияда ар кайсы террордук топтордун катарында жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашып кетти. (NT)

XS
SM
MD
LG