Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Абдирасулова президенттен талап кылган компенсациясынын суммасын өзгөрттү


Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова
Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызга толуктоолорду киргизип, талап кылынган доонун суммасын 2 миллиондон 10 миллион сомго көтөрдү. Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова сураган компенсациясын 2 миллион сом бойдон калтырды. Бул тууралуу Абдирасулова“Азаттык” радиосуна билдирди:

- Башында жазган арызым кыскача болуп, президенттин айткан сөздөрүн гана кошкон элем. Бүгүн толуктоо киргизип, Атамбаевдин ар бир сөзүн талдап, түшүнүктүү кылып бердим.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова 18-майда президенттин үстүнөн сотко кайрылышкан. Буга мамлекет башчынын "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан Абдирасулова менен Исмаилованы "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон.

Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деген жооп кайтарышкан жана мамлекет башчынын үстүнөн сотко кайрылып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул боюнча алгачкы отурум болду. Ага арызданган тарап менен президенттин өкүлү катары адвокат катышты. Экинчи отурум 15-июнда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG