Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Еврокомиссиянын өкүлдөрү Кыргызстандагы экспорт маселесин талкуулайт


Экономика министрлигинин чакыруусу менен Бишкекке келген Европа комиссиясынын төрт мүчөсү бүгүн Кыргызстандан Батыш мамлекеттерине товар сатуу маселесин талкуулашат. Жыйында Кыргызстандын товарларына экспорт үчүн салыкты жеңилдеткен келишим боюнча суроо-жооптор болот.

Европалык адистер менен жолугушууга ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү чакырылган.

Экономика министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, жогорудагы келишимге ылайык Кыргызстан Европа Биримдигинин 28 мамлекетине 6000ден ашуун товарды экспорттой алат. Ага негизинен кийим-кече жана азык-түлүктөр кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG