Казакстанда 9-июнь - Актөбө окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды. Шаршембиде президент Нурсултан Назарбаев кандуу окуя боюнча элге кайрылып, курал көтөргөндөрдү экстремисттер деп атады жана алар өлүм жазасына тартылышы керектигин айтты.
5 - 6-июнь күндөрү Казакстандын Актөбө облусундагы атышууларда үч күч кызматкери жана төрт жайкын тургун мерт кетишкен. Кырк чамалуу адам жараат алган.
Куралдуу топтун мүчөлөрү шаардагы курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын имаратына кол салышкан. Күч кызматкерлери чабуул уюштурган 30 кишинин 13үн жок кылышкан.
Кол салгандардын жетөө кармалып, ондон ашуун кишиге издөө жарыяланган.