Орусиялык белгилүү спортчу Мария Шарапова Эл аралык теннис федерациясын (ITF) сотко берет. Уюм аны допингге каршы талаптарды аткарбагандыгы үчүн эки жылга спорттук мелдештерден четтеткен.
Шарапова Спорт боюнча арбитраждык сотко кайрыларын Фейсбук баракчасына жазды.
Таанымал спортчу допинг-тесттен өтпөй калгандыгын өзү быйыл мартта моюнга алган болчу. Бирок ал Допингге каршы агенттик быйыл 1-январдан тарта мельдоний затын колдонууга тыюу салганынан кабары болбогонун белгилеген.