Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Казакстанда Актөбөдөгү кол салуулардын курмандыктары эскерилүүдө


9-июнь эскерүү күнү деп жарыяланган. Бүгүн өлкөдөгү бардык туулар түшүрүлүп, теле жана радиоэфирлерден көңүл ачуучу программалар берилбейт.

5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер координацияланган чабуул жасаган. Кол салууда 18 киши набыт болуп, кырк чамалуу адам жараат алган. Күч кызматкерлери чабуул жасаган 30дай кишинин 13үн жок кылышкан. Кол салгандардын жетөө кармалып, ондон ашуун кишиге издөө жарыяланган.

Шаршембиде президент Нурсултан Назарбаев кандуу окуя боюнча элге кайрылып, курал көтөргөндөрдү экстремисттер деп атады жана алар өлүм жазасына тартылышы керектигин айтты. Нурсултан Назарбаевдин айтымында, кол салгандар чет жактан буйрутма алышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG